Бишкек, 20.01.25. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы жаңыдан дайындалган элчиси Дүйшөнкул Чотонов Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидовго ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды.
КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Бахтиёр Саидов Дүйшөнкүл Чотоновду элчи кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, анын бул кызматтагы иши кыргыз-өзбек ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүнүн жогорку деңгээлин мындан ары дагы чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.
Өз кезегинде, элчи ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы бардык багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө болгон күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.
Жолугушууда кыргыз-өзбек күн тартибиндеги бир катар актуалдуу маселелер, анын ичинде саясий диалогду тереңдетүү жана соода-экономикалык, гуманитардык жана башка тармактарда кызматташууну арттыруу талкууланды.
Тараптар ошондой эле алдыда боло турган жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги биргелешкен тышкы саясий иш-чараларды талкуулашты.
Пикир
Оставить комментарий