Элчи Дастан Дюшекеев Түрк академиясынын президенти менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 29.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев Түрк академиясынын президенти Шахин Мустафаев менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууда элчи Дюшекеев КР президенти Садыр Жапаровдун 2024-жылдын апрель айында Казакстанга расмий сапарына утурлай өткөрүлүүчү иш-чаралар тууралуу маалымат берип, маектешин аларга катышууга чакырды.

Ошондой эле академиянын президенти Шахин Мустафаевдин ОшМУнун 85 жылдык мааракесине катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Андан тышкары 2024-жылы Кыргызстандагы түрдүү иш-чаралардын негизгилеринин бири болгон Баласагуни (Токмокко жакын) жана Өзгөндө жайгашкан Караханиддер мамлекетинде жашаган Махмуд аль-Кашгариге (Барскани) таандык «Түрк тилдер жыйнагынын» («Диван лугат ат-түрк») 950 жылдыгын белгилөө боюнча пикир алмашылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан жана элчилик менен Түрк академиясынын ортосундагы мындан аркы тыгыз өз ара аракеттенүүгө жана кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий