• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Элчи Эрбол Султанбаев Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженков менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 05.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженков менен жолугушту.

Элчиликтен билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-беларусь эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери, анын ичинде биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жана эки тараптуу документтерге кол коюуга даярдык көрүү маселелери талкууланды.

Өзгөчө көңүл Кыргызстандын Беларуста жакынкы келечекте пландаштырылган маданият күндөрүн өткөрүү, эки өлкөнүн аймактар ​​аралык кызматташуусун өнүктүрүү маселелерине бурулду.

Тараптар эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө өз ара кызматташуусунун оң динамикасын ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий