• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Малайзиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Саясат 0

Бишкек, 01.07.23./Кабар/. 2023-жылдын 2-3-июль күндөрү Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадир Кыргызстанга расмий сапар менен келет.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, Малайзиянын ТИМ башчысы кыргызстандык кесиптеши Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча келет.

Расмий сапардын алкагында кыргыз-малайзиялык мамилелердин бардык спектрин активдештирүү маселелерин, тактап айтканда, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө талкуулоо максатында жогорку деңгээлде жолугушуулар пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий