Элчи Эрбол Султанбаев иш сапары менен Беларустун Гомель облусунда болду

Коом 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев иш сапары менен Беларустун Гомель облусунда болду. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, элчи иш сапарынын алкагында «Гомсельмаш» холдинг жана «Гомелькабель» БААКта болуп, аталган ишканалардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

«Гомсельмаш» — Беларустагы айыл чарба техникаларын өндүрүүчү ири ишканалардын бири. Ишканадан дан, картошка жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн жыйноочу комбайндар, чөп чапкычтар жана башка техникалар өндүрүлөт. Учурда компания Кыргызстандан радиаторлорду сатып алууда, ошол эле маалда өндүргөн техникаларын өлкөбүзгө алып келүүдө.

«Гомелкабель» БААКы болсо жез жана алюминийден болгон тегерек жана тик бурчтуу орогуч зымдарды, эмалданган, кагаз оролгон, айнек-булаланган, пленка капталган жана аралаштырылып изоляцияланган ар кандай профилдеги зымдарды, аба электр чубалгылары үчүн алюминий жана болот-алюминий зымдарын чыгаруучу ири ишкана.

Кыргыз тарап аталган ишканалардын жетекчилерине өндүргөн товарларды жеткирүү көлөмүн кеңейтүү, ошондой эле Кыргызстанда дал ушундай өндүрүштөр боюнча биргелешкен кооперацияларды ачуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий