• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Сүлүктүдө шахтачылардын өлүмү: Кырсыктын себебин аныктоо үчүн комиссия түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 11.12.19. /Кабар/. Баткен облусунун Сүлүктү шаарында шахтада каза болгон шахтачылардын өлүмүнүн себебин изилдөө боюнча комиссия түзүлдү. Бул тууралуу КР Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын тоо көзөмөл бөлүмүнүн улук инспектору Азат Райымбердиев кабарлады.

Анын айтымында, алардын ведомствосу мекемелерди экологиялык жана техникалык коопсуздук жаатында текшерүүлөрдү жылына бир жолу гана өткөрө алат. “Бирок, эгер бузуулар тууралуу кайрылуулар жана арыздар болсо, биз пландан тышкары текшерүүлөрдү жүргүзөбүз. Шахтада болгон кырсык боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Анын ичине профилдик ведомстволордун, профсоюз жана башка мекемелердин өкүлдөрү кирген. Комиссиянын чечимине жараша чаралар көрүлөт”, - дейт Райымбердиев.

Эскерте кетсек, кечээ, 10-декабрь күнү Парча-Тоо тилкесинде жайгашкан "Ормон" ишканасынын шахтасында газ чыгып, 4 шахтачы газга ууланып каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий