Көчмөндөр оюндары жыл сайын ар бир облуста өтүп турат - президент

Коом 0

Бишкек, 20.02.19 /Кабар/. Республикалык көчмөндөр оюндарын жалпы өлкөбүзгө жайылталы деген максатта ар жылы бир облуста Көчмөндөр оюндарын өткөрүп туралы деп чечтик, - деп белгиледи президенти Сооронбай Жээнбеков Кадамжай районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бийик деӊгээлде өтүп, ага жер шарынын 60ка жакын өлкөсүнөн келген өкүлдөр катышканын жана көчмөндөр оюнун өткөрүү кезеги Түркияга берилгенин эске салды.

"Бул оюндардын маанилүүлүгүн эске алып, өзүбүз дагы Кыргызстанда жыл сайын республикалык деңгээлде Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүп туралы деп чечтик. Быйылкы оюндарды Манас атабыздын ыйык Ордосу болгон Манас Ордодо – Талас облусунан баштайлы деп жатабыз. Андан соң, эстафетаны башка областтар алып, өткөрө баштайт”, - деп белгиледи Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий