• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Коргоо министрлигинде Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. Коргоо министрлигинде Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу ведомствонун маалыматтык камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Иш-чара КР Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясыныны базасында өтүп, ага коргоо министринин биринчи орун басары Алмазбек Карасартов жана Коргоо министрилигинин башкаруу органдарынын өздүк курамы катышты.

Министрдин биринчи орун басары өздүк курамды майрамы менен куттуктап, Коргоо министрлигине караштуу бардык мекеме жана аскердик бөлүктөрдө иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлүп, кыргыз тилине ушул күнү гана эмес, аскердик күнүмдүк турмушта - саптык, күжүрмөн даярдыктар, окуп-машыгуулар мамлекеттик тилде толук көлөмдө жүргүзүлүп жактандыгын жана эне тилибизди өнүктүрүү коргоо ведомствосунун маанилүү тапшырмаларынын бири экендигин белгилеп кетти.

Иш-чаранын жүрүшүндө коргоо ведомствосунда мамлекеттик тилди өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу баяндамалар окулуп, мамлекеттик тилди өркүндөтүүгө салым кошкон аскер кызматчылары ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Салтанат Коргоо министрлигинин Борбордук аппаратынын жана КР Куралдуу Күчтөрүнүн Армиянын Борбордук үйүнүн өздүк курамынын катышуусунда концерттик программа менен аяктап, анда аскер кызматчылары тарабынан ырлар окулуп, жанылмачтар айтылып, эстрада ырлар аткарылды.

Майрамдык салтанат Коргоо министрлигинин Борбордук аппаратынын аскер кызматчыларынын катышуусунда концерттик программа менен аяктап, анда алар өз эне тили жөнүндө ыр, макал-лакаптарды окушту, кыргыз күүлөрүн чертишип, белгилүү акындардын ырларын аткарышты. Ал эми КР КК Борбордук армия үйүнүн артистери тарабынан популярдуу кыргыз композициялары аткарылды.

Пикир

Оставить комментарий