• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапар менен келди

Президент 0

Бишкек, 11.12.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-декабрда Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапар менен келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент Бириккен Араб Эмираттарына Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы, БАЭ Куралдуу Күчтөрүнүн башкы командачысынын орун басары Мухаммед Бин Заед Аль Нахаяндын чакыруусу менен барды.

Расмий сапардын алкагында, Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы жана БАЭнин вице-президенти, премьер-министри Мухаммед бин Рашид Аль Мактум менен эки тараптуу жолугушуу пландалган.

Мындан тышкары, БАЭнин соода-өнөр жай палатасынын, ири компаниялардын жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү, Зайед Фондунун башкы директору Хамад Салем бин Кардоус Аль Амери жана БАЭде убактылуу жашап жаткан мекендештер менен жолугушуулар күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий