Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоев Нумата шаарынын мэри Минору Хошино жана CHIMORI бизнес-ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда тараптар экология, токойлорду калыбына келтирүү, экотуризм жана туруктуу өнүктүрүү боюнча кызматташуунун келечеги талкуулашты.
Элчи Осоев Кыргызстандын "Жашыл Мурас" сыяктуу долбоорлорун тааныштырып, кызматташууну, анын ичинде Нумата менен Жалал-Абаддын ортосунда меморандумга кол коюуну, жыгач иштетүү жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча тажрыйба алмашууну сунуштады.
Тараптар мындан аркы талкуу жана тажрыйба алмашуу үчүн сапарларды уюштурууну макулдашты.
Пикир
Оставить комментарий