• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Өлкө аймагында 20-апрелге карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 20.04.23./Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүн, 20-апрелде Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар, ошондой эле Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +13…+18, Талас облусунда +12…+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +18…+23, Ысык-Көл облусунда +7…+12, Нарын облусунда +10...+15 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +15…+17 градуска чейин жетет.

Пикир

Оставить комментарий