• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

КР УИАда өрт коопсуздугунун эрежелерине байланышкан окутуу болду

Коом 0

Бишкек, 08.05.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында өрт коопсуздугу эрежелери, алдын-алуу жана өчүрүүгө багытталган окутуу жүргүзүлдү. Жогорку илимий мекеменин кызматкерлери өрт белгисинин алдында сыртка чыгышып, окууга карата күйгүзүлгөн оттун мисалында өрт өчүрүүчү баллонду колдонууну үйрөнүштү. Андан сырткары, КР УИАнын Чарбалык камсыздоо бөлүмүнүн эмгекти коргоо боюнча адиси Нарынбек Сааданбеков кызматкерлерге өрт коопсуздугунун эрежелери, кырсык учурунда адам өзүн кандай алып жүрүп, кандай ыкчам аракеттерди жасашы керектиги тууралуу маалыматтарды берди. Бул тууралуу КР УИА басма сөз кызматы билдирди.

Н.Сааданбеков окумуштууларга өрт өчүрүү кызматы келгенге чейин жетишинче баллонду колдонуп туруу керектигин айтып: “Мындай окуулар азыр абдан керектүү жана маанилүү болуп турган убагы. Анткени, акыркы мезгилдерде айланабызда, өлкөдө өрт кырсыктары көп болууда. Ошолордон улам өрттүн алдын-алууга жана аталган кырсыкты болтурбоого аракет жасашыбыз керек”, - деди.

Пикир

Оставить комментарий