Бишкек, 05.11.19. /Кабар/. Кыргызстандын Катардагы элчи Чыңгыз Эшимбеков Катардагы мекендештердин кеңешмесинин мүчөлөрү менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө мекендештерге актуалдуу болгон маселелер боюнча пикир алмашуу болду, - деп билдирет КР Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, андан тышкары, алдыдагы календардык иш-чаралар планы жана президент Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылдын августунда болуп өткөн чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңешменин биринчи отурумунун алкагында берген тапшырмаларын аткаруу жолдору талкууланган.
Пикир
Оставить комментарий