• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

КР элчиси Азербайжандын ТИМ башчысына ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 3-сентябрында Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырууга байланыштуу Азербайжандын тышкы иштер министри Джейхун Байрамов менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Азербайжандын тышкы иштер министри Кыргызстандын элчисин Азербайжандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады жана Кыргызстандын дипломатиялык миссиясынын деңгээлин элчинин деңгээлинде калыбына келтирүү менен эки тараптуу мамилелер сапаттык жаңы баскычка чыга тургандыгына ишенимин билдирди.

Элчи Кайрат Осмоналиев министр Джейхун Байрамовдун Кыргызстанга жооп иретиндеги расмий иш сапарын даярдоону талкуулады жана мамлекет башчыларынын деңгээлинде стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жана "Борбордук Азия - Түштүк Кавказ" аймактар аралык платформасын түзүү боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча практикалык чараларды сунуштады (5+3).

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жогорку деңгээлдеги сапарлар менен алмашуу пландарын, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча артыкчылыктуу долбоорлорду, "Бишкек-Баку" түз аба каттамын калыбына келтирүүнү, Өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүүнү, аймактар аралык байланыштарды кеңейтүүнү жана Баку шаарында Чыңгыз Айтматовдун ысымын түбөлүккө калтыруу ж.б. маселелерди талкуулашты.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчисинин кызматы 2017-жылдын июнь айынан бери бош турган.

Пикир

Оставить комментарий