• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Элчи Эшимбеков «Qatar Airways» авиакомпаниясынын башчысы менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. Кечээ, 27-ноябрда Кыргызстандын Катардагы элчиси Чыңгыз Эшимбеков «Qatar Airways» авиакомпаниясынын башчысы Акбар Аль-Бакер менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу кыргыз тараптын демилгеси менен Доха шаарында өткөн.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде аба транспорту тармагындагы маселелер талкууланды.

"Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз-катар мамилелерин өнүктүрүү боюнча өз ара кызматташтыкты жандандыруу жана ар түрдүү иш-чараларды биргеликте өткөрүү жөнүндөгү макулдашуулар жетишилди", - деп кошумчалашты министрликтин басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий