• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Элчи Идрис Кадыркулов Болгариянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 20.09.24. /Кабар/. София шаарында Кыргызстандын элчиси Идрис Кадыркулов Болгариянын президенти Румен Радевге ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти,

Расмий аземден кийин эки тараптуу кыргыз-болгар кызматташтыгынын актуалдуу темалары, анын ичинде регионалдык жана эл аралык мүнөздөгү маселелер өз-өзүнчө талкууланды. Жыйынтыгында эки мамлекеттин өз ара пайдалуу кызыкчылыктарын эске алуу менен биргелешип иштөө планы иштелип чыкты.

Учурдагы иш сапарынын алкагында элчи Идрис Кадыркулов менен Болгариянын маанилүү министрлеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин бир катар жолугушуулары болот. Тагыраагы, саясий жана дипломатиялык өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө, соода-экономикалык чөйрөдө кызматташууну кеңейтүүгө, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, эмгек миграциясына, ошондой эле укук коргоо органдарына басым жасалат.

Болгарияда Кыргызстандан келген эмгек мигранттарынын санынын өсүшүнүн негизинде Кыргызстандын элчилиги Болгарияда жашагандарга консулдук кызматтарды көрсөтүүнү уюштурган. Учурда КР жарандары менен маалыматтык-түшүндүрүү иштерине өзгөчө көңүл бурулууда.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын Болгариядагы элчилиги Украинанын Киев шаарынан иштейт, ал Молдовада жана Румынияда да аккредитацияланган.

Пикир

Оставить комментарий