• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Казакбаев Түркия президентинин административдик иш башкармалыгынын жетекчиси менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 08.08.24. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркия президентинин административдик иш башкармалыгынын жаңы дайындалган жетекчиси Хаккы Сусмаз менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн башында элчи Руслан Казакбаев Хаккы Сусмазды кызматка дайындалышы менен куттуктап, жаңы кызматында мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган түрдүү чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Түркия Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына байланыштуу долбоорлорго бурулду.

Өз кезегинде Хаккы Сусмаз активдүү кызматташууга жана кыргыз тараптын демилгелерин колдоого даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар биргелешкен аракеттер боордош мамилелерди чыңдоого жана өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты ийгиликтүү өнүктүрүүгө өбөлгө болоруна ишеним билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий