• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте Абылгазиев менен Маминдин катышуусунда VIII кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны башталды

Саясат 0

Бишкек, 12.07.19. /Кабар/. Бишкекте VIII кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны башталды. Ага Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана бүгүн Кыргызстанга расмий визит менен келген Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин катышууда.

Аскар Маминдин Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында бир катар иш-чара өткөрүү пландалган. Ал эми эки тараптуу жолугушуулар тар жана кенен форматта өтмөкчү.

Тараптар жыйын учурунда соода-экономикалык кызматташууну өркүндөтүү, суу-энергетика, өнөр жай жана маданий-гуманитардык маселелерди кароону пландаштырууда. Күн тартибине транспорт, инвестиция, туризм, билим берүү жана башка маселелер кирген.

Ошондой эле Казакстан Республикасынын премьер-министрин Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий