• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Элчи Кемелова кореялык тарапты Кыргызстандан органикалык азыктарды импорттого чакырды

Саясат 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Динара Кемелова Сеулда өткөн «2021-жылы өнөр жай технологияларын жана энергетиканы өнүктүрүү боюнча» жыйынына катышты. Бул тууралуу КРнын Кореядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара 2021-жылдын 24-ноябрында өтүп, Кореянын Соода, өнөр жай жана энергетика министрлиги жана Кореянын алдыңкы технологиялар институту (KIAT) тарабынан уюштурулган.

Жыйын Кореянын соода министри Ё Хан-кунун жетекчилиги астында өнөр жай технологиясы жана энергетика тармагындагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү максатында чет мамлекеттердин элчилеринин катышуусу менен жолугушуу уюштурулду.

Иш-чарага КРнын Түштүк Кореядагы элчиси Динара Кемелова катышып, өз сөзүндө кореялык тарапты гидроэнергетика, тоо-кен жана текстиль өнөр жай, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайындагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө, Кыргызстандын экспорттук потенциалын жогорулатууга жана Корея рыногуна органикалык азыктарды импорттого сунуштады.

Маалымат үчүн: Корея Республикасынын Соода, өнөр жай жана энергетика министрлиги жана KIAT аркылуу Түштүк Кореянын Өкмөтү өнөр жай, энергетика жана алдыңкы технологиялар тармагында өнүктүрүүгө расмий жардам көрсөтүү аркылуу чет мамлекеттерге гранттарды жана техникалык жардамдарды көрсөтөт. Учурда Кыргызстанда бул механизмдин алкагында Кореянын боёк жана дизайн технологиялары Институту (DYETEC) тарабынан текстиль тармагында кыргыз-кореялык технологиялык консультацияларды өткөрүү жана окутуу боюнча долбоор ишке кирди.

Пикир

Оставить комментарий