Элчи Талантбек Кушчубеков Словениянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 13.06.23. /Кабар/. Резиденциясы Будапешт шаарында жайгашкан Кыргызстандын Словениядагы элчиси Талантбек Кушчубеков Словения Республикасынын президенти Наташа Пирц-Мусарга ишеним грамотасын тапшырды.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ишеним грамотаны тапшыруу аземи 12-июнда Любляна шаарындагы президенттин сарайында өткөн.

Ишеним грамоталарын тапшыруунун расмий аземинен кийин элчи Т. Кушчубеков Словениянын президенти Наташа Пирц-Мусар айым менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө элчи Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Словениянынрезиденти Наташа Пирц-Мусарга келе жаткан Словения Республикасынын улуттук майрамы – Мамлекеттүүлүк күнүнө байланыштуу куттуктоосун тапшырды. Тараптар жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууну, ошондой эле 2024-жылы өтө турган эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгын белгилөө маселесин талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Словениянын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнүн оң динамикасын канааттануу менен белгилешти. Ошондой эле эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелери жана Кыргыз Республикасы менен Словения Республикасынын ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташуунун келечеги талкууланды.

Жолугушуунун соңунда элчи Т.Ч.Кушчубеков президент Наташа Пирц-Мусарга эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, аны мындан ары да бекемдөө жана кеңейтүү үчүн баардык күч-аракетин жумшарын ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий