• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жээнбеков: Кыргызстан менен Россиянын Эриш-аркак жылында чоң өзгөрүүлөрдү күтөбүз

Саясат 0

Москва, 27.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 27-февраль күнү Россиянын Мамлекеттик Кремль сарайында КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен Россиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу учурунда Жээнбеков жолугушуп жатканына жана эки тараптуу кызматташтыктын айрым маселелерин талкуулоого мүмкүнчүлүк жаралганына кубанычта экенин билдирген.

"Акыркы жылдары кыргыз-россиялык кызматташтык өрчүп жатканын белгилеп кетким келет. Сиздин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапараңыз ийгиликтүү болуп, көп документтерге кол коюлган. 2020-жылы Кыргызстан менен Россиянын Эриш-аркак жылы деп жарыяланды. Биз бул жылы көп өзгөрүүлөрдү күтүп жатабыз", - деди ал.

Аны менен бирге КР президенти Кыргызстан Жеңиштин 75 жылдыгына даярданып жатканын, чоң иш-чаралар пландалганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий