• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

"Электр станциялары" ААКсына жаңы жетекчи келди

Кадр саясаты 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. "Электр станциялары" ААКсынын директорлор кеңешинин чечими менен компаниянын башкы директорлук кызматына Ачикеев Жолдошбек Ишенбаевич дайындалды. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Ошондой эле директорлор кеңешинин чечими менен Кушубаков Алмаз Канатбекович башкы директордун орун басары болуп дайындалган.

Ишканадан билдиришкендей, "Электр станцияларынын" мурдагы башкы директору Таалайбек Толубаев өз каалоосу менен жазган арызына ылайык кызматтан кеткен.

Пикир

Оставить комментарий