• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Элчи Өмүралиев Түркиянын Бурса аймагынан шайланган депутат Эфкан Ала менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 08.05.21. /Кабар/. 5-майда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясынын тышкы байланыштар боюнча башкы төрагасынын орун басары жана Бурса аймагынан шайланган депутат Эфкан Ала менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Кубанычбек Өмүралиев 2021-жылдын 28-30-апрелинде болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал жана Кыргызстандын чек ара аймактарындагы учурдагы кырдаал тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Эфкан Ала Кыргызстан калкынын арасында курман болгондорго жана жабыркаган жарандарга карата көңүл айтты. Ал эми келип чыккан чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүү жана жаңжалдын андан ары күчөп кетишине жол бербөө боюнча өкмөттүн иш-аракеттерин жана ишмердигин кубаттады.

Пикир

Оставить комментарий