• 87
  • 90.41
  • 0.84

Элчи Өмүралиев Түркиянын Саламаттык сактоо министри менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 05.09.19. /Кабар/. 3-сентябрда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркиянын Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа менен жолугушуусу болуп ѳттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыгынын динамикалык ѳнүгүүсүн талкуулашты.

"Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достук ооруканасынын ачылышын тездетүүнүн жана жылына акысыз дарылоо боюнча квотанын санын 100 кишиден 150 кишиге чейин көбөйтүү боюнча Макулдашууну ишке ашыруунун зарылчылыгын белгилешти", - деп айтылат маалыматта.

Элчи Өмүралиев Түркиядагы кыргыз жарандар үчүн бөлүнгөн квотанын негизинде, кохлеардык имплант операциясын күткөн кыргыз жарандарына операция жасоону тездетүү, Кыргызстандын дарыгерлери жана медицина тармагында иштеген адистери үчүн Түркияда стажировка өтүү, ошондой эле Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин дарыгерлеринин катышуусу менен "Кыргызстанда ден-соолук жумасы" долбоорун улантуу өтүнүчүн билдирди.

Түрк тарап жогоруда аталган маселелердин чечилишине ишендирди жана жер тилкесин бөлүп берүү шарты менен Кыргызстанда диагностикалык борбор ачууну сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий