• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Өкмөт Нарын облусунун Кеңеш айылында орто мектеп куруу маселесин чечет

Аймак 0

Бишкек, 05.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Нарын облусунун Кеңеш айылында орто мектеп куруу маселесин чечет, - деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.

Эске салсак, Кеңеш айылында окуучулар контейнерлерде билим алып жатышат деген маалымат чыккан. Нарын облустук администрациядан кабарлашкандай, Кеңеш айылындагы мектептин имаратынын эскилиги жеткендиктен жана балдар менен мугалимдердин өмүрүнө коркунуч жаратпоо, окуу процессин үзгүлтүккө учуратпоо максатында окуучулар мобилдик үйлөрдө билим алууда.

"Жарандык активисттерге жаңы мектеп куруу үчүн каражат топтоо демилгеси үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бирок Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Нарын облусунун Кеңеш айылында орто мектеп куруу маселесин чечет", - деп кабарлашты өкмөттөн.

Нарын облусунун Кеңеш айылындагы орто мектептин курулушу боюнча долбоордук-сметалык иш-кагаздары даяр жана 2020-жылдын планына киргизилген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн алдына жакынкы жылдары авариялык мектептер маселесин толук чечүү милдетин койгон. Коюлган максатка жетүү үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий