Элчи Өмүралиев Түркиянын ТИМ башчысы Мевлют Чавушоглу менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 15.05.19. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен биринчи расмий жолугушуусу болуп ѳттү.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу үстүбүздөгү жылдын 13-майында болгон.

Жолугушуу учурунда Чавушоглу дипломатиялык миссиясынын башталышы менен К. Өмүралиевди куттуктап, Кыргызстан менен Түркия боордош жана дос ѳлкѳлѳр экендигин баса белгиледи.

"М. Чавушоглу элчинин ишине ийгилик каалоо менен бирге, Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин жардамын жана жеке ѳзүнүн колдоосун кѳрсѳтѳѳрүн билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттарын талкуулашкан.

Пикир

Оставить комментарий