• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Элчи Мадмаров Түркмөнстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 27.04.23. /Кабар/. Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Азизбек Мадмаров Түркмөнстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Максат Худайкулыев менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда бажы тармагында кызматташууну жөнгө салуу жана тийиштүү укуктук базаны даярдоо маселелерин талкуулашты.

Транспорттук-транзиттик тармакта кызматташууну өнүктүрүүнү эске алуу менен элчи Азизбек Мадмаров Кыргызстандын транспорттук компанияларына жана жүк ташуучуларына Түркмөнстандын аймагында көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Ошондой эле элчи Кытайдан транзит менен товарларды ташуу менен байланышкан бажы операцияларын жүзөгө ашырууда КР аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүү боюнча Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымдады.

Тараптар эки өлкөнүн бажы кызматтарынын ортосундагы тыгыз кызматташтыкты жана үзгүлтүксүз байланыштарды колдоо ниеттерин ырастап, бажы маселелери боюнча өз ара жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий