Бишкек, 20.01.25. /Кабар/. Братислава шаарында резиденциясы Вена шаарында жайгашкан Кыргызстандын Словакиядагы элчиси Толенды Макеев Словакиянын Тышкы жана Европа иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Растислав Хованец менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын жакынкы келечектеги негизги багыттары талкууланды. Атап айтканда, Кыргыз Республикасы менен Словакия Республикасынын саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык байланыштарын өнүктүрүү маселелери каралды. Бизнес-форумдарды өткөрүү жана эки өлкөнүн ишкерлеринин түз байланыштарын орнотуу боюнча сунуштар айтылды.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн дипломатия жаатындагы көп тараптуу, анын ичинде БУУ, Европа биримдиги жана башка эл аралык уюмдардын алкагында өз ара кызматташуу маселелери талкууланды. Айрыкча Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуу боюнча талапкерлигине колдоо көрсөтүү маселеси каралды. Ошондой эле Словакиянын парламенти тарабынан Кыргызстандын Европа биримдиги менен 2024-жылдын 25-июнунда Брюсселде кол коюлган Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууну тез арада ратификациялоого көмөктөшүү маселеси көтөрүлдү.
Кыргыз-словак мамилелеринин мыйзамдык базасын чыңдоо максатында эки тараптуу макулдашуулардын долбоорлорун, анын ичинде инвестицияларды өз ара кубаттоо жана колдоо, дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режимди орнотуу, пенсиялык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу тууралуу жана башка макулдашууларга кол коюу процессин тездетүү макулдашылды.
Пикир
Оставить комментарий