• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Элчи Марат Нуралиев Катардын муниципалитет министри менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 23.09.24. /Кабар/. Доха шаарында Кыргызстандын элчиси Марат Нуралиев Катардын муниципалитет министри Абдулла бин Хамад бин Абдулла Аль-Атия менен жолугушту.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-катар эки тараптуу кызматташтыгын бекемдөөнүн келечегин жана эки өлкөнүн борбор шаарларынын ортосунда тажрыйба алмашуунун жолдорун талкуулашты.

Мындан тышкары, азык-түлүк коопсуздугу жаатында кызматташуу, анын ичинде Кыргызстанда өндүрүлгөн органикалык азык-түлүк продукцияларын Катарга экспорттоо жана Доха шаарында уюштурулган көргөзмө-жарманкелерге кыргыз өндүрүүчүлөрүн катыштыруу маселелери көтөрүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды мындан ары ишке ашыруу үчүн тыгыз кызматташууну улантуу макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий