• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Элчи Омар Султанов Швейцариянын "Syngenta" компаниясына барды

Экономика 0

Бишкек, 01.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси Омар Султанов "Syngenta" компаниясына барды.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө швейцариялык компания фермердик талааларга спутник аркылуу мониторинг жасоочу технологиялар менен тааныштырды. Кения жана Танзаниядагы долбоорлордун мисалында өсүмдүк өстүрүүнүн кемчиликтерин табуу жана фермерлерге үрөндү 100%га чейин жогорулаткан кеңештерди жана инновациялык жер семирткичтерди берүү боюнча компаниянын ийгиликтүү тажрыйбасы баяндалды.

Тараптар "Syngenta" менен профессор Дмитрий Михайлов баштаган Кыргыз улуттук университетиндеги Жасалма интеллект борборунун ортосунда кызматташтык түзүү боюнча конкреттүү кадамдарды жасоону макулдашты.

"Syngenta" ― дүйнөнүн алдыңкы илимий изилдөөчү агротехникалык компаниясы. Ал айыл-чарба өсүмдүктөрүн коргоо, уруктарды асылдаштыруу жана жасалма интеллект колдонуучу айыл-чарба сан-арип технологияларын иштеп чыгуу чөйрөлөрүндө иш алып барат. Компаниянын баш-кеңсеси Базел шаарында (Швейцария) жайгашып, 90 өлкөдө өкүлчүлүгү бар. Дүйнө жүзү боюнча "Syngenta`нын" ишканаларында 30 миң кызматкер эмгектенет.

Пикир

Оставить комментарий