• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Элчи Осмоналиев «АзерГолд» компаниясынын жетекчилиги менен тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек. 26.01.2023/Кабар/. Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев «АзерГолд» ЖАК башкармалыгынын төрагасы Закир Ибрагимов менен жолугушту.

Анын жүрүшүндө учурдагы маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, тоо-кен тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын абалы жана келечеги, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Тактап айтканда, тараптар мамлекет башчыларынын иш сапарларын эске алуу менен 2022-жылдагы эки тараптуу кызматташуунун жыйынтыктарын талкуулашты.

Мындан тышкары, жолугушууда делегациялардын өз ара иш сапарлары жана мындан аркы кызматташуу боюнча кененирээк талкуулоо боюнча макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий