Бишкек, 19.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев Түркияда жашаган кыргызстандык жарандар менен салттуу жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Жолугушууга 150дөн ашык мекендештер катышты, алардын арасында Түркиянын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан студенттер, аскердик жана укук коргоо академияларынын курсанттары, маданият жана искусство ишмерлери, ишкерлер жана Түркиянын аймагында убактылуу жүргөн жарандар.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын жарандарынын Түркияда жүрүүсүнө жана өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерге тиешелүү маанилүү маселелер боюнча толук диалог болду.
Элчи Казакбаев мекендештерге Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын жакында Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары, ошондой эле кол коюлган эки тараптуу документтер тууралуу маалымат берди.
Казакбаев өз сөзүндө Кыргызстандын коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү жетишкендиктерин белгилеп, өлкөдө туруктуулукту, экономиканын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу жана жаңы өнөр жай жана социалдык объектилердин ачылышы боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди.
Ошону менен бирге элчи Түркияда жүргөн мекендештердин өлкөнүн маданий-гуманитардык жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү ролу чоң экенин белгилеп, ар бир жарандын жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Казакбаев элдин биримдигин бекемдөө жана коомду баш коштуруу зарылдыгын белгилеп, жолугушуунун катышуучуларын өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө чакырды жана мекендештердин Түркияда болуу жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү маселелерин чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады.
Элчи Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Түркиядагы расмий өкүлү М.Аманбаевди тааныштырып, ал дагы өзүнүн иш пландары жана максаттары тууралуу айтып берди.
Жолугушууда мекендештер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, ар тараптуу жоопторду алышты.
Жылуу жана достук маанайда өткөн жолугушуунун соңунда элчи бардык катышуучуларга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы кызматташууга ишенимин билдирди.
Пикир
Оставить комментарий