Кыргызстан менен Германиянын парламенттер аралык кызматташтыгын кеңейтүү талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 04.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германия Бундестагынын Протокол кызматынын жетекчиси Гидо Ларгенин менен жолугушту.

КРТИМден билдиришкендей, жолугушуу тараптар Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн жана эки өлкөнүн парламентарийлеринин өз ара иш сапарларын уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Өмүрбек Текебаев эки тарапты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү мындан ары да бекемдөөгө багытталган кыргыз-герман кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий