Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары Рахматулла Нуримбетов менен жолугушту.
КР ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн жана тереңдетүүнүн, аларды практикалык мазмун менен толтуруунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Тараптар ошондой эле алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги биргелешкен тышкы саясий иш-чаралар тууралуу сөз кылды.
Пикир
Оставить комментарий