• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстан МЖӨ боюнча дүйнөлүк рейтингинде 68-орундан 22-орунга көтөрүлдү

Экономика 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Кыргызстан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча дүйнөлүк рейтингинде 68-орундан 22-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук инвестициялык агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай жыйынтык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун рейтингин түзгөн көз карандысыз "The Economist Intelligence Unit" экономикалык журналынын баалоосуна ылайык чыгарылган.

Бүгүнкү күндө КР Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун долбоордук портфелинин инвестициялык көлөмү 100 млрд сомдон ашып, 68 долбоорду түзөт.

2021-2023-жылдар аралыгында Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун портфели 32ден 68 ге чейин көбөйтүлгөн жана 2024-жылдын башында Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча 27 келишимге кол коюлуп, жалпы инвестициялык сумма (350 млн доллар) 31 млрд сомдон ашты.

2023-жылга карата иш-чаралардын алкагында жеке инвестицияларды тартуу менен Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча 2,1 млрд сомдон (24 млн доллар) ашык суммада 6 келишимге кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий