Элчилик кыргыз студенттерине Кытайга окуу-визасы өз убагында берилерине ишендирет

Коом 0

Бишкек, 17.08.17 /Кабар/. Бишкектеги Кытай элчилиги кытай ЖОЖдорунда окуган кыргыз студенттеринин визаларын өз убагында даярдоого бардык аракеттерин жумшайт. Бул маселени кыргыз ТИМ статс-катчысы Айбек Омокеев жана Кытайдын КРдагы элчиси Сяо Цинхуа талкуулашты.

Кытай дипломаты элчилик Кыргызстандык студенттердин Кытайга окуу жылынын башында өз убагында баруусун эске алуу менен визаларды даярдоону аяктоого бардык аракеттерин көрөт.

Ал ошондой эле, элчилик кабыл алуу күндөрү 60га жакын студентти кабыл алып жатканын айтты.

Жолугушууга Кыргызстандын билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков дагы катышты.

Пикир

Оставить комментарий