• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Элдердин ишенимине кирип, унааларды уурдаган шылуун кармалды – ИИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Милиция Бишкекте элдердин ишенимине кирип, унааларын уурдап кеткен алдамчыны кармаган. Бул тууралуу КР ИИМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милицияга калаа тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымына караганда, чала тааныш Адилет деген эркек киши 2017-жылдын июлунда “Тойота-Камри” үлгүсүндөгү унаасын алып, качып кеткендигин айткан. Унаа үчүн 292,4 миң сом берем деген жүйөө менен алып, ииз жашырып кеткен.

Милиция тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгында кылмышка шектүү катары 22-жаштагы Б.А., аттуу жаран кармалган.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси боюнча (Алдамчылык) кылмыш иши козголду.

Шектүү бактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий