• 87
  • 90.41
  • 0.84

Элди дүрбөлөңгө салып, туура эмес маалымат таратуунун кажети жок – Максатбек ажы Токтомушев

Коом 0

Бишкек, 08.11.24. /Кабар/. Жаңы мыйзам долбоорун талкуулоодогу максатыбыз мамлекетке пайдалуу, динге зыяны тийбеген, жарандарыбыздын дин тутуу эркиндигин, динди үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн чектебеген мыйзамдын кабыл алынышы. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине Кыргызстан мусулмандарынын мурдагы муфтийи, дин ишмери Максатбек ажы Токтомушев билдирди.

Анын айтымында, мыйзам долбоорунда бардыгы анык жазылган жана даават айтууга эч тыюу салынган эмес.

"Социалдык тармактар аркылуу элди дүрбөлөңгө салып, учурда туура эмес маалымат таратуунун кажети жок. Даават коомдук жайларда, мечиттерде, медреселерде, эл чогулган жайларда айтыла берет. Өткөндө бир жерге бардым, алдын ала интернет аркылуу айтылган экен, бир заматта эл чогулуп калыптыр, бул жакшы мүмкүнчүлүк. Тиешелүү аалымдар интернеттин жардамы менен социалдык тармактар аркылуу ыйман жолуна чакырып, даават айтышса болот. Үйлөрдү кыдыруу тууралуу айтсак, чындыгында эмне болуп жаткандыгы мамлекет башында тургандарга көбүрөөк белгилүү. Дааватчылардын атын жамынып, туура эмес жолдорго баргандар, терс фактылар ИИМде катталып жаткандыгы айтылууда”,- дейт Максатбек ажы Токтомушев.

Эске салсак, 2008-жылы кабыл алынган "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, 2 айдан ашык убакыттан бери мыйзамдын долбоору коомчулукта кызуу талкууланууда.

Пикир

Оставить комментарий