• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Бишкекте III Элдик курултай өз ишин улантууда

Коом 0

Бишкек, 21.12.24./Акназик Тургунбаева-Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында III Элдик курултайдын экинчи күнү башталды.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катышууда.

Эскерте кетсек, иш-чара эки күнгө – 20-декабрдан 21-декабрга чейин уланат.

Бул жолу курултайга жалпы 700 делегат чакырылса, алардын 30 жашка чейинкиси 14, 30 жаштан 60 жашка чейинкиси 353, 60 жаштан 80 жашка чейинкиси 328ди түзөт. Ал эми 80 жаштан жогору 5 делегат шайланган. Делегаттардын арасында эң улуусу, кылымга тете жашаган 98 жаштагы Улукбек Эргешов.

Кечээ иш-чара өлкөнүн акыркы жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги жыйынтыктары тууралуу тасманы көрсөтүү менен башталды.

Андан соң мамлекет башчысы өлкөдөгү абал тууралуу кайрылуу жасап, II Элдик курултайдын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу боюнча аткарылган иштер, реформалардын жүрүшү тууралуу айтып берди.

Андан кийин сөз кезеги делегаттарга өтүп, курултайдын биринчи күнүндө 105 адам чыгып сүйлөп, алар өлкөнү комплекстүү өнүктүрүүгө жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга умтулууну чагылдырган маселелерди айтышты.

Белгилей кетсек, курултайдын жыйынтыгы боюнча III Элдик курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий