• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Элдик Банк: Онлайн бизнести өнүктүрүп, Сингапурга жолдомо же IPad утуп алыңыз!

Коом 0

Бишкек, 15.10.24. /Кабар/. Visa менен бирге юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн "Интернет-эквайрингге туташ жана Сингапурга саякат жолдомосун утуп ал" акциясы өткөрүлөт. Бул тууралуу "Элдик Банктан" билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, онлайн-бизнестин ээлери, интернет-дүкөн, мобилдүү тиркеме же сайт аркылуу соода-сатык иштери менен алектенгендер “Элдик Банктын” интернет-эквайрингине туташуусуна убакыт келди. Бул тейлөөнүн жардамы менен Visa төлөм картасын колдонуп, товарлар жана тейлөө кызматтары үчүн төлөмдөрдү түздөн-түз сайттан кабыл алууга болот.

Акциянын алкагында кардарлар үчүн баалуу байгелер каралган:

• Сингапурга эки адам үчүн саякат;
• 6 IPadдын бири.
Акцияга катышуу үчүн жарандар интернет-эквайринг кызматына туташып, онлайн-дүкөн, мобилдүү тиркемелер же сайт аркылуу транзакцияларды эң көп санда жүргүзүүсү зарыл. Мында транзакциялардын минималдуу саны 30дан кем эмес, ал эми бир транзакциянын суммасы 500 сомдон кем эмес болушу керек.

Акцияга акция учурунда тейлөөгө туташкан жеке ишкерлер (жеке адамдар) жана тейлөөгө буга чейин эле туташкан жеке ишкерлер (жеке адамдар) катыша алат.

Акция 15-октябрдан тартып 2025-жылдын 1-мартына чейин созулат.

Маалымат үчүн: Интернет-эквайринг – бул интернет аркылуу төлөө үчүн банк карталарын кабыл алууга мүмкүндүк берүүчү технология. Бул тейлөө кызматы атайын мобилдүү тиркемелер жана ар кандай сайттар боюнча интернет-дүкөндөр аркылуу кызмат көрсөткөн соода-тейлөө ишканалары үчүн иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий