Бишкек, 20.12.24. /Кабар/. Бүгүн, 20-декабрда Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана министрликтин кызматкерлери курултайдын делегаттарынан билим берүү жана илим тармагына, таалим-тарбия маселесине тиешелүү суроолорду кабыл алууда.
Ведомстводон билдиришкендей, саат 18:00гө карата 128 арыз келип түштү. Кайрылуулардын көбү бала бакчаларды, мектептерди куруу, инфраструктураны оңдоо жана кадр маселелери, ошондой эле эмгек акы боюнча болууда.
Министр Догдуркүл Кендирбаева баштаган тийиштүү адистер делегаттар көтөргөн маселелерди талдап, алардын айрымдарын жеринен чечип, тиешелүү жардамдарды көрсөтүүдө.
Белгилей кетсек, III Элдик курултайга 689 делегат, анын ичинде чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын жана этникалык жамааттардын өкүлдөрү катышууда.
Пикир
Оставить комментарий