Элдик курултай эл үмүтүн актай алабы?

Курултай 0


Элдик курултай демилгеси Кыргызстанда көп жылдардан бери айтылып, бирок аны мамлекеттик деңгээлде уюштурууга негиз болуучу жаңы мыйзам кабыл алына элек болчу.

2022-жылдын февралында президент Садыр Жапаров мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн 11 адамдан турган жумуш тобун түзгөн. Алар иштеп чыккан долбоор мамлекет башчысы тарабынан Жогорку Кеңешке сунушталып, көптөгөн оңдоп-түзөөлөрдөн соң мыйзамдагы 22 берене 15ке чейин кыскарган. Тактап айтканда, делегаттардын саны 1072ден 700гө чейин кыскарып, аймактардан шайланып келген делегаттардын ыйгарым укуктары курултай аяктары менен токтой тургандыгы көрсөтүлгөн. Депутаттар мыйзам долбоорун 3-окуудан кийин кабыл алып беришкен. Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 15-декабрында Бишкекте Элдик курултай өтөт.

Элдик курултайдын идеясы, кабыл алынган мыйзам жана биринчи Элдик курултайдын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып сунуштаган жумушчу топтун мүчөлөрү Бейшембек Абдразаков жана Кубанычбек Дуйшеев менен болгон маекти сунуштайбыз.

Пикир

Оставить комментарий