• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Элдик курултай. Эмгек министри чет жердеги мекендештерге жардам берүүнү убадалады

Коом 0

Бишкек, 21.12.24. /Кабар/. III Элдик курултайдын жүрүшүндө эмгек министри чет жердеги мекендештерге жардам берүүнү убадалады.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров курултайдын жүрүшүндө Англия, Италия, Америка, Германия, Түркия жана башка өлкөлөрдөн келген делегаттар менен баарлашты. Баарлашуунун жүрүшүндө делегаттар министрге көптөгөн көйгөйлөрдү айтышты.

Белгиленгендей, кайрылууларда көбүнчө агенттиктер чет мамлекетке жумушка орноштурабыз деп акча алып, алдап кетип жатышкандыгы жана квотага байланыштуу маселелер боюнча арыздар түшүүдө.

"Биздин министрлик бардык кайрылууларды каттап алууда, биз бул маселелер боюнча мекендештерибизге максималдуу түрдө жардам беребиз", - деди Равшанбек Сабиров.

Белгилей кетсек, Бишкекте бүгүн Элдик курултайдын 2-күнү өтүүдө. Адаттагыдай эле министрликтер делегаттарды кабыл алуусун улантууда.

Пикир

Оставить комментарий