• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Быйыл дотация боюнча үрөн алган дыйкан-фермерлердин саны 2204 адамды түздү

Коом 0

Бишкек, 18.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылы дотация боюнча үрөн алган дыйкан-фермерлердин саны 2 миң 204 адамды түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, “Финансылык эмес мамлекеттик ишканаларга субсидиялар” беренеси боюнча 41,3 млн сом суммасында каржылоо ачылган.

“Быйыл жаздык себүүдө департамент жана үрөн чарбалары тарабынан 45 келишим түзүлгөн. 43,15 млн сомду түзгөн 2532,3 тонна үрөн дыйкандарга берилген. Анын ичинен 785,3 тонна буудайдын үрөнү, 1 миң 133,3 тонна апранын үрөнү, 44,6 тонна жүгөрүнүн үрөнү, 325 тонна картошканын үрөнү, 10 тонна эспарцеттин үрөнү жана 234,7 тонна пахтанын үрөнү себилди. Натыйжада себилген үрөн 2172,1 тонна же 36,3 млн сомго сатылды”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий