• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Элдик курултай: милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоодо

Коом 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Бишкекте экинчи Элдик Курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан, аймактардан жана Бишкек шаарынан келген делегаттар катышууда.

Курултайга катышкан делегаттардын кайрылууларын, арыздарын ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, ИИМдин Башкы штабынын башчысы Бактыбек Кенжегулов жана ИИМдин Катчылыгынын башчысы Абдиш Коомбаев кабыл алышууда.

ИИМден басма сөз кызматынан билдиришкендей, кеңири өткөрүлүп жаткан иш-чаранын жүрүшүн жана жол кыймылынын коопсуздугун 1000 ашык ички иштер органдарынын кызматкерлери камсыз кылып, көзөмөлдү министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов жүргүзүүдө.

Курултайдын жүрүшүндө республиканын бардык жеринен келген делегаттар элдин коопсуздугун камсыздоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ролу чоң экенин белгилешти.

ИИМдин жетекчилиги арыз менен кайрылган ар бир делегаттын маселелерин карап чыгып, тиешелүү чаралар көрүлө тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий