• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Президент: Өз тилибизди сактап калуу жана аны өркүндөтүү – атуулдук да, мекенчилдик да парзыбыз

Курултай 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. “Өз тилибизди сактап калуу жана аны өркүндөтүү – атуулдук да, мекенчилдик да парзыбыз”, - деп президент Садыр Жапаров бүгүн экинчи Элдик Курултайда сүйлөп жатып билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө өлкөбүздүн тамыры, өзөгү, тарыхы жана келечеги болгон мамлекеттик тил маселесине токтолду.

“Учурда биздин тилибиз да кайра жаралуу доорун башынан өткөрүп жаткан кези. Үстүбүздөгү жылдын 17-июлунда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамга кол койдум. Натыйжалуу, иштиктүү талкуулардан өткөн мыйзам коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынды. Өз тилибизди сактап калуу жана аны өркүндөтүү – атуулдук да, мекенчилдик да парзыбыз! Нарктуулугубуздун башаты да эң ириде, эне тилибизге барып такалары талашсыз. Ошондуктан эне тилибизди көзүбүздүн карегиндей сактап, ар бир жаӊы төрөлгөн уул-кызыбыздын тили эне тилинде чыгып, улуу дөөлөттөрдү эне тилинде жаратып, улутубуздун түндүгүн көтөргөн намыстуу, нарктуу атуулдардан болуусуна кам көрүшүбүз абзел. Бүгүнкү улуу жыйында – Элдик Курултайда мына ушул улуу баалуулуктарды кантип калыбына келтиребиз, кантип өнүктүрөбүз деген маселелерге көңүл буруп, ой калчоого чакыраар элем”, – деди ал.

Президент Садыр Жапаров келе жаткан жылы элибиздин туруктуу аймактык, экономикалык жана маданий жактан жалпы биригүүсүнө өбөлгө түзгөн, социалдык-экономикалык кайра түзүү жана элди бирдиктүү бир улутка бириктирүү процесстерин тездеткен Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленет деп билдирди.

Пикир

Оставить комментарий