• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

2024-жылы Кыргызстан боюнча жалпы 381 объектте курулуш иштери жүргүзүлөт

Курултай 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. 2024-жылы планга ылайык жалпы 381 объектте курулуш иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан II Элдик курултайдын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын айтымында, анын ичинде 248 объект жаңыдан курулат.

"1 млрд сомго 80 объектте капиталдык оңдоп-түзөө иштери аткарылат. Курулушу узакка созулуп бүтпөй келген 135 объектини бүтүрүү каралууда. Ошондой эле 55 айылды таза суу менен камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлөт", - деди ал.


Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Экинчи элдик курултайды өткөрүү боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы ушул жылдын августунда чыккан.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

Пикир

Оставить комментарий