• 87
  • 90.55
  • 0.84

Элдик курултайдын делегаттары техникалардын жана айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсүнө барды

Коом 0

Бишкек, 19.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Бишкек шаарына келген Элдик курултайдын делегаттары атайын техникалардын жана айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсүнө барышты.

Ала-Тоо борбордук аянтында атайын техникалардын үлгүлөрү, өлкөдө жасалган жана мамлекеттик органдар тарабынан сатып алынган техникалар коюлду. Ал эми Турдакун Усубалиев атындагы аянттагы көргөзмөгө соода-өндүрүш, жеңил өнөр жай, айыл чарба продукциялары чыгарылды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев делегаттарга кеңири маалымат берип, көргөзмөнүн иши менен тааныштырды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Самат Насирдиновдун айтымында, бул иш-чаралар 7 облустан келген делегаттарга айыл чарба тармагындагы жетишкендиктер менен тааныштыруу максатында уюштурулду.

“Элдик курултайдын делегаттарына биздин атамекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясын көрсөтүү үчүн көргөзмө уюштурдук. Мында айыл чарба тармагындагы ишканалардын өндүргөн продукциясы, мисалы, кургатылган жер-жемиштерден баштап сүт, этти кайра иштетүү аркылуу жасалган продукциялар коюлду”, - деди ал.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 20-21-декабрь күндөрү Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда кезектеги III Элдик курултайдын жыйыны өткөрүлөт. Курултайга катышуу үчүн өлкө аймактарынан 700 делегат шайланып келген.

Пикир

Оставить комментарий