• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бажы кызматынын төрагасынын орун басары BOOST долбоорунун эл аралык эксперттери менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 14-декабрында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Э.Ирискулбековдун BOOST долбоорунун эл аралык эксперттери Наталия Гарбуз жана Айжан Мадымарова менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

BOOST долбоору бул - Өзбекстанда, Кыргызстанда бизнестин жана уюштуруунун туруктуу ишмердиги.

Маалыматка ылайык, BOOST долбоорунун өкүлдөрү менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө долбоор жөнүндө презентация көрсөтүлдү. Ошондой эле төмөнкү маселелер талкууланды:

- Кырыгз Республикасынын бардык региондорундагы бажы операциялары жана бажы жол-жоболору маселелери боюнча ишканалар-экспортерлор үчүн үч күндүк тренингдерди уюштуруу;

- тышкы экономикалык катышуучуларды маалымдоо жана бажы иши чөйрөсүндөгү адистердин, логисттердин жана кичи жана орто бизнестин менеджерлеринин кесипкөй көндүмдөрүн жогорулатуу максатында, түштүк региондо-Ош шаарында бажы иши жаатында квалификацияны жогорулатуу боюнча Окуу борборунун филиалын ачууга көмөктөшүү.

Пикир

Оставить комментарий