Бишкек, 21.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Элдик курултайдын экинчи күнүндө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 55 кайрылуу кабыл алды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине министрдин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.
Анын айтымында, делегаттардан келип түшкөн сунуштардын негизинде иш план түзүлүп, тиешелүү иштер жүргүзүлөт.
"Суу ресурстарына 31, таза суу 11, кайра иштетүү иштери боюнча 9, асыл тукум 7, өсүмдүк өстүрүүчүлүк багытында 3 кайрылуу келди. Жалпысынан 2 сааттын ичинде 55 сунуш-пикир түштү. Ошондой эле курултайдын жыйынында сөз сүйлөп жаткан делегаттар тарабынан да биздин министрликке тиешелүү маселелер айтылууда. Биз бардык кайрылууларды тизмектеп, иш план түзөбүз. Анын алкагында, ар бир сунушка даректүү иштерди алып барабыз", - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий